ИИМ кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

2019-жылы 15-апрелде УКМК ААК ИИМ биргелешкен ыкчам-издөө иш чарасын жүргүзүү учурунда, Жайыл райондук ИИБ башчысынын орун басары Ч.Б. 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИБ башчысынын орун басары Ч.Б. райондун Жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан 5 миң доллар талап кылган. Ал инспекторго Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгарууну убадалаган.

Сотко чейинки тергөө иши, КР Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде Жоруктар жана кылмыштар бирдиктүү регистринде катталды. Учурда милиция кызматкери УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД