Атамбаевдин экс-кеңешчиси Мира Карыбаевага кылмыш иши козголдубу?

КР президенттик аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаевага карата тарых музейин реконструкция жасоого байланышкан кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө өз булактарына таянуу менен "Фабула" гезити жазып чыкты.

Басманын маалыматы боюнча, мурдагы аппарат кызматкери сурак берүүгө чакырылган. "Мира Крыбаевага Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыйуу салынган", - деп билдиришет ММК.

Бул маселе боюнча VB.KG редакциясы УКМК басма-сөз кызматына кайрылганында, - Бизде мындай маалымат жок, - деп кыска жоопту беришти.

Белгилей кетсек, тарых музейине байланышкан окуядан кийин Мира Карыбаева жергиликтүү ММК реконструкция боюнча немис компаниясынын тандалып алынышына жана каржылоо маселелерине тиешеси жоктугун билдирген.

Ошол эле учурда "Азаттык" журналисттери аныктагандай, немис компаниясынын директору Уве Райэр жергиликтүү журналисттер менен болгон маегинде КР президентинин кеңешчиси Лауттагы компанияга келип эки тараптуу келишимге кол койгондугу тууралуу сөз кылган.

2018-жылы ноябрь айында Мира Карыбаева президенттик аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүм башчысы кызматынан бошотулган. 2017-жылы ал президент Атамбаевдин кеңешчиси кызматын да аркалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД