Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,3 млрд куб метрге чейин өстү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2021-жылдын 10-майына карата 9 миллиард 295 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суунун агып кириши секундасына 1336 куб метр, агымы 255 куб метрди түзүүдө.

2020-жылдын 10-майына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 947 миллион куб метрди түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД