УКМК: Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы пара алганы үчүн кармалды

УКМК: Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы пара алып кармалдыКыска кабар | 8 мая 2021 | 15 | 0

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы "К.У.А." кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат бөлүмү билдирди.

Такталгандай, ал 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң доллар өлчөмүндө пара алган.

Мындан тышкары, аталган кызматкер "К.У.А." өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы кирет.

Кечээ, 7-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чараларыны жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД