Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүм бала асынып алган

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 14 жаштагы өспүрүм бала асынып алган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалымат ылайык, каза болгон баланын сөөгү кечээ, 6-майда болжолдуу 14:00 чамасында табылган. Жакын туугандары аны асынып турган жеринен көрүшкөн.

"Бала 9-класстын окуучусу болчу. Ата-энеси ажырашып кеткен. Каза болгон өспүрүм атасы, чоң ата, чоң энеси менен чогу жашачу. Ал эми апасы Бишкек шаарында жашайт"- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин маалымат кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД