Кыргызстандык боксер дүйнөлүк Кубок үчүн мелдешти ийгиликтүү баштады

Россиянын Белоярск шарында (Ханты-Мансы автономдук облусунун Югра округу) 11-14-декабрда Социалисттик Эмгектин Баатыры Фарман Салмановдун элесине арналган нефти өлкөлөрүнүн бокс боюнча XVII дүйнөлүк Кубок үчүн мелдеш өткөрүлүп жатат. Мыкты боксерлердун наамына ээ болуу үчүн: Россия, Армения, Өзбекстан, Тажикстан, Эквадор, Беларусь, Латвия, Венесуэла, Швеция, Украина, Италия, Афганистан, Финляндия, Тунис, Эстония, Таиланд, Польша, Молдоова, Марокко, Ангола жана Грецияга окшогон 23 өлкөдөн - 114 спортчу күч сынашууда.

Үстүбүздөгү жылы мындай мелдеш 17-жолу, анын ичинен Белоярск шаарында – төртүнчүсү өткөрүлүп жатат. Бул мелдешти өткөрүү жетекчилиги Россиянын бокс Федерациясы менен Югранын дене тарбия жана спорт Департаментине берилген.

Мелдештин ачылыш күнүндө кыргызстандык боксер Азат Үсөналиев 52 кг салмактагы 1/8 финалдык беттешүүдө, азербайжандык спортчу Ядигар Алиевди жеңип алды. Эми ал 12-декабрдагы 1/4 финалдык беттеште өзбекстандык атаандашы Достон Ходжаев менен күч сынашат. Бул турнирде Кыргызстандын курама командасынан 6 спортчу катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД