ЖКККББ жасалма номерлерди пайдалануу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүдө

Соцтармактарда "Коопсуз шаар" камерасында айдоочу менен алдыңкы орунда отурган жүргүнчү тартылган фотосүрөтү талкууланууда. Камералар тарабынан автоунаанын ылдамдыгын гана аныкталбастан, анын мамлекеттик номери да жасалма экендиги билинди.

Айрым маалыматтар боюнча, 578 ACD номери башка дагы төрт ар кандай үлгүдөгү автоунааларда тагылгандыгы аныкталды.

Маалымат боюнча, фотосүрөт 1-декабрда Бишкектин Ибраимов көчөсүндө саат 16.28. чамасында тартылган.

ИИМ ЖКККББ басма сөз кызматынан VB.KG редакциясына билдиришкендей, мекеменин кызматкерлери жасалма номерлер тагылган автоунааларды активдүү издешүүдө. Бул эрежени бузгандыгы үчүн аларга 10 миң сом айып пулу салынаарын мекемеден эскертишти.

-Мекеменин өздүк курамы тарабынан жасалма номерлерди аныктоо иши күчөтүлдү. 578 ACD мамномер боюнча кошумча маалыматтар да берилди. Эгер бул мамномер кайсы-бир автоунаадан байкалса, ал айып төлөнө турган токтотуучу жайга киргизилет, ал эми номер алып салынат, - деп ЖКККББдан белгилешти.

Мекемеден билдиришкендей, 2019-жылдын башынан бери жасалма номерлерге байланышкан 768 бузуулар аныкталган.

Айтмакчы, ЖКККББ белгилешкендей, алар "Коопсуз шаар" камерасында тартылган 578 ACD номерлүү автоунааны соцтармактарда жарыялашкан эмес.

Белгилей кетсек, фотосүрөттү талкуулоо учурунда соцтармактын колдонуучулары рулда МКК башчысы Алмаз Мамбетов отурганын айтышкан. Бирок, МКК басма сөз кызматы бул маселе боюнча түшүндүрмө берип, рулда Мамбетовго окшош адам отургандыгын жана МКК башчысынын мындай автоунаасы жок экендиги айтылган.

Редакциядан эске салсак, Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри кызмат ордун ээлеп турганда, ушул сыяктуу чатакка кабылган. Ошондо анын атынан соцтармактарда укук коргоочу Динара Ошурахунованын дарегине "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп жазылган болчу. Мамбетов кийин VB.KG редакциясына берген маегинде мындай жазууларга катыштыгы жоктугун билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД