Көркөм сүрөт музейинин директору кызматынан бошотулду

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматынан башотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов нааразычылык акциянын катышуучулары менен жолугуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 2-декабрда Жанагарачеваны жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук чыккан.

Мындай чечим Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 27-ноябрда "Кормилица" деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминалле өткөн. Бул көргөзмөдө экспонаттардын ачык көрсөтүлүшү коомчулуктун бир бөлүгүнүн сындоосуна кабылган.

Эске салсак, Мира Жангарачева 2019-жылы июнь айында көркөм сүрөт музейинин директорлук кызматына дайындалган. Ал музейдин фондунан картиналардын жоголушуна байланыштуу, кызматтан кетүү боюнча арызын жазгандан кийин Юристанбек Шыгаевдин ордуна келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД