Футбол-2022: Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары беттешет

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада Кыргызстан менен Тажикстан футбол боюнча курама командаларынын беттешет. Беттеш 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өтөт.

Оюн саат 20:00дө башталат. Билеттер стадиондун кассасында сатылууда.

Бүгүнкү Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалрынын беттешүүсүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Бул тайпадагы дагы бир оюнда Мьянма жана Монголия курама командалары ойнойт.

Эске салсак, 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарында Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония Тажикстан, Монголия жана Мьянма командалары менен беттешүүдө.

Дүйнөлүк биринчиликтин финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД