Футбол-2022: Кыргызстан – Япония беттешине билеттер сатылып бүттү

14-ноябрда боло турган Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешине баардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол Федерациясы билдирди.

Эртең боло турган оюн күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратууда. Бирок, тилекке каршы, биздин стадион оюнду көрүүнү каалагандардын баардыгын батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча орундар уюштурулат, - деп айтылат Федерациянын билдирүүсүндө.

Уюштуруучулар күйөрмандар үчүн кошумча орундар боюнча маалыматты кийинчерээк бере тургандыгын убадалашты.

Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионундагы футболдук беттешүү 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өтөт. Оюн 14-ноябрда саат 17:15те башталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кийинки оюнду Тажикстандын курама командасы менен 19-ноябрда, Бишкекте өткөрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД