"Барселона" жана "Реал" беттешүүсү 18-декабрга жылдырылды

Футбол боюнча Испания Ла лигасынын онунчу турундагы "Барселона" жана "Реал" командаларынын бир жумадан кийин, 26-октябрында Барселонада өтө турган беттешүүсү болбой калды. Оюн Каталониядагы саясий абалга байланыштуу жана коопсуздук маселелеринен улам 18-декабрга которулду. Бул тууралуу Cadena Ser Испаниянын башкы радиотармагы билдирди.

Маалыматка ылайык мындай чечимди мелдешти уюштуруу тобу кабыл алган. Учурда оюнду өткөрүү убакыты тактала элек.

Эске салсак, буга окшогон көрүнүш 2017-жылы 1-октябрда Каталонияда референдум өткөрүлгөн кезде да болгон, бирок, Мадриддеги "Ванда Метрополитано" стадионундагы "Атлетико" командасы менен пландаштырылган оюн өз убагында өткөрүлгөн эле.

Учурдагы Испания биринчилигинин сегизинчи турунан кийин "Реал" 18 упай топтоп, биринчи орунда, ал эми "Барселона" 16 упай топтоп, экинчи орунда жайгашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД