Футбол-2022: Кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти

2022-жылда Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк биринчилигине тандап алуу оюдарынын алкагында, "Азия" тобунун F тайпасында 4-турдагы оюнду Кыргызстандын курама командасы бүгүн, 15-октябрда Улан-Батор шаарында Монголиянын курама командасы менен өткөрүп, кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Оюндун биринчи таймында улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов, 14 (0:1), экинчи голду Мирлан Мурзаев, 42 (0:2) киргизди. Экинчи таймда Монголиянын курама командасынын оюнчусу Цеденбал Норжму 57 (1:2) гол киргизди.

Бул жеңиштен кийин Кыргызстандын курама командасы 6 очко топтоп жана турнирдик таблицада Япония жана Тажикстанды кууп жетти.

Тажикстан менен Япониянын курама командалары бүгүнкү 4-турда Душанбе шаарында беттешет. Оюн бишкектик убакыт боюнча саат 18:15те башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД