Кыргызстан ОДКБ өлкөлөрү менен бирге Улуу жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт

2020-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 75 жылдыгын салтанаттуу майрамдоого бирге даярдык көрүү маселеси Москвада өткөрүлгөн ОДКБнын Туруктуу кеңешинин жыйынында каралды.

Жыйын ОДКБдагы Кыргыз Республикасынын туруктуу жана толук ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитовдун төрагалыгы астында өткөрүлүп, ага ОДКБ башкы катчысынын орун басары Алымбай Султанов катышты.

Жыйындын катышуучулары бул маанилүү датаны майрамдоо иш чарасынын план-долбоорун талкуулап жана макулдашты. Бул документти Уюмдун уставдык органдарынын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

ОДКБнын Туруктуу кеңеши – сессиялар учурунда кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда өнөктөш мамлекеттердин бирге аракеттешүүсүн багыттап туруучу орган болуп саналат. Анын курамына өнөктөш өлкөлөрдүн туруктуу жана толук ыйгарымдуу өкүлдөр кирет. Азыркы убакта Кыргызстан ОДКБда төрагалык кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД