"Байкоңур" кинофестивалында кыргызстандык тасмалар катышууда

Бүгүн, 4-сентябрда, Алматы шаарында "Байкоңур" (Baikonur Short Film Festival) кыска метраждуу фильмдердин IV фестивалы ачылат. Анда биздин республикабыздан Караш Жанышовдун "Кош бол" жана Данияр Абировдун "51+" тасмалары катышат.

Алматыда беш күн бою өтүүчү бул фестиваль башкаларга окшошпогондугу менен айырмаланат. Анын башкы максаты - казакстандык жаш киноматографисттер үчүн алгачкы аянтчаны ачуу менен, казак кыска метраждуу кинолорун өлкөнүн ичинде даңазалоо болуп саналат. Baikonur ISFF фестивалын "Бродвей" кинопорталы уюштуруп жана Казакстандын биринчи президентинин Фонду демөөрчүлүк кылып жатат.

Фестивалда кенен улуттук программадан тышкары, "Байкоңурда" эл аралык конкурстук программа да бар, ага катышууга ар кайсы жанрдагы 2018-2019-жж.. КМШ өлкөлөрүндө тартылган кыска метраждуу фильмдер чакырылган. Бул жылы фестивалга катышууга 80 билдирүү берилип, казакстандык киночеберлер анын он бирин тандап алышкан. Алардын ичинде биздин мекендештер тарткан эки кыска метраждуу тасма да бар.

Фестивалдын сынагында жеңишке жетишүү үчүн Данияр Абировдун "51+" трагикомедиясы ат салышмакчы. Бул фильмде улгайган адамдын жаш кызга болгон махабаты жөнүндөгү окуя баяндалат. Ошондой эле Караш Жанышовдун "Кош бол" драмасы да бар. Анын башкы каарманы – балдар үйүнө туш болгон кичинекей Айбектин Айнурага болгон тунук сезими, анын жашоосунда көп нерсени өзгөрткөнү баяндалат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД