Кой-Таштагы кырдаалды иликтөө боюнча Комиссия биринчи кеңешмеге чогулду

Бүгүн өкмөт үйүндө саат 11:00дө 7-8-августта Кой-Таш айылындагы кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын биринчи кеңешмеси өткөрүлөт. Бул тууралуу VB.KG редакциясына өкмөттүн аппараттындагы булактан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кой-Таштагы кырдаалды иликтөө боюнча комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгы менен 29-августта түзүлгөн. Анын төрагалыгына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дайындалган. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин жети депутаты: Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков жана Тынчтык Шайназаров киргизилген.

Андан тышкары коомчулуктун өкүлдөрү: "Антитеррор-Альфа" КУнун төрагасы Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алишер Мамасалиев кошулган.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына күч структуралары тарабынан чабуул жасалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД