Улуттук музейде 30-90-жж.. советтик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өткөрүлөт

Эртең Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм музейинде 30-90-жж.. советтик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өткөрүлөт.

Бул көргөзмө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналып, элибизди эркиндикте, боордоштукта, тынчтыкта жана ынтымакта болууга чакырмакчы.

-СССР убагында көркөм искусствонун, гуманизмдин жана элдин традициясы ийгиликтүү өнүнүгүп келген жана Кыргыз Республикасынын көркөм искусствосу да ийгиликтүү өнүгүүдө. Бул көргөзмө ошол улуу муундардын урматына, алардын мурасына жана осуяттарына арналмакчы, - деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Көргөзмөнүн идеясы музейдин өтө бай коллекциясы аркылуу берилет. Мында Белоруссиянын, Кавказ республикаларынын (Азербайжан, Армения, Грузия), Молдавиянын, Балтика республикаларынын (Латвия, Литва, Эстония), Борбордук Азия республикаларынын (Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан) сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД