Милиция Бишкектин кампаларындагы өрттүн себептерин иликтөөдө

Бишкектеги тиричилик техникасы жана азык-түлүк сакталган кампалардан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 21-августта саат 12.00. чамасында "102" кызматы аркылуу Ленин районунун нөөмөттүк бөлүмүнө Интергельпо көчөсүндө жайгашкан "Беко" фирмасына таандык кампадан чыккан өрт тууралуу билдирдүү түшкөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт кампанын шыбындагы электр зымдарынын туташуусунан улам келип чыккан.

Ошондой эле кече күнү, 22-августта саат 18.45. чамасында Бишкек ШИИББ "102" кызматына Ч. Валиханов көчөсүндөгү "Бишкек машина куруу" заводунун 4 кабаттуу имаратындагы өрт тууралуу билдирүү түшкөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2 миң 100 чарчы метр. Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын туташуусунан улам чыккан.

Аталган фактылар КР Жазык кодексинин 261-беренеси "өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда Бишкектин Октябрь жана Ленин райондорунун ИИБ тарабынан өрттүн чыгуу себептерин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД