Азимбек Бекназаров ИИМге суракка чакырылды

Азимбек Бекназаров көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, ал 7-8-августтагы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча күбө катары ИИМдин Тергөө кызматына 20-августта чакыртылган жана тергөөнүн сырын жайылтпоо тууралуу документке кол койгон.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД