ОДКБ өлкөлөрү темир жолдорду душмандардан коргошот

ОДКБ алкагында өнөктөш-өлкөлөрдүн темир жолдорунун бирдиктүү техникалык системасын түзүү боюнча мамлекеттер аралык жумушчу тобу түзүүлүүдө. Бул жумушчу топтун жобосунун долбоору Москвада өткөрүлгөн ОДКБнын туруктуу кеңешинде макулдашылды.

Кеңешме ОДКБдагы Кыргыз Республикасынын туруктуу жана толук ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитовдун төрагалыгы астында (КР азыр бул уюмга төрагалык кылууда), ОДКБ генералдык катчысынын орун басары Петр Тихоновскийдин катышуусу менен өттү.

Жогоруда аталган документти Коргоо министрлер Кеңешинин жана ОДКБ коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы кылмыштарга карата иш аракеттерди жүргүзүү операциялары боюнча жобого өзгөртүүлөр киргизилип жана 2020-жылга карата биргелешкен билдирүү темалары талкууланды. Бул маселелерди үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Коргоо министрлеринин кеңешинде, ТИМ, КМК, КККК биргелешкен кеңешмесинде кароо божомолдонууда.

ОДКБ уюмунун туруктуу кеңеши – өнөктөш-мамлекеттердин өз ара кызматташуусуна багыт берүүчү уюмдун негизги органы болуп саналат жана ага ыйгарымдуу өкүлдөр дайындалган. Бүгүнкү күнү ОДКБнын курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД