УЕФАнын Супер кубогун "Ливерпуль" командасы жеңип алды

УЕФАнын Супер кубогу үчүн мелдеш Европадагы футбол командаларынын ичинен чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү жана Европа лигасынын жеңүүчүсүнүн ортосунда өткөрүлүүчү оюн болуп эсептелет.

Быйыл бул мелдеште 2018-2019-жылдардагы Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон "Ливерпуль" командасы менен Европа лигасынын жеңүүчүсү "Челси" командасы беттешти. Оюн кече күнү, 14-августта Түрциянын Стамбул шаарында өттү.

Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, кошумча 30 мүнөттүк оюнда командалар бири-биринин дарбазасына дагы бирден гол киргизишти. Эсеп - 2:2.

Жеңүүчүнү аныктоо үчүн 11 метрлик пенальти тебүү дайындалды. Анда "Ливерпуль" командасы жеңишке жетип, Супер кубокту жеңип алды.

-"Ливерпуль" - "Челси" - 2:2

Пенальти тебүү: "Ливерпуль" - "Челси" - 5:4

Гол киргизгендер: Жиру, 36 (0:1), Мане, 48 (1:1), Мане, 95 (2:1), Жоржиньо айып тобун тебүү менен, 101 (2:2).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД