Бишкектин мэри акимдерге ишембиликтерди көбүрөөк өткөрүүнү тапшырды

Шаар башчысынын бүгүнкү күнү адаттагыдай эле планерка жүргүзүүдөн башталды. Борборубуздун мэри Азиз Суракматов эртең мененки саат 7ден баштап шаардын Октябрь районундагы 8,9,10-кичирайондорун кыдырып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Азиз Суракматов "Бишкексууканалы" ишканасынын кызматкерлерине эскертүү берип жана ишкананын айланасын таза кармап, анча кымбат эмес жаңы технологияларды колдонуп, жакын жерде агып жаткан "Ала-Арча" суусу менен көгөрүп турган бак-дарактарды сугаруунун методун ойлонуп көрүүнү тапшырды.

"Бишкекбашкыархитектурасы" ишканасына жеке ишкерлер шаардын көчөлөрүн тазалоо жана бак-дарактарды отургузуу боюнча жардам көрсөтө алгыдай долбоорду иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле муниципалитеттин жетекчилиги жана ишкананын толук коллективи менен бирдикте кеңешме өткөрүү пландаштырылды.

Бишкектин мэри райондогу аймактарды тазалоо кызматынын ишине өтө нааразы болуу менен, акимдерге ишембиликтерди көбүрөөк өткөрүп турууну тапшырып, чарба субъекттерине тазалык иштерин активдүү жүргүзүү милдеттендирилди.

9-кичирайонун кыдыруу учурунда шаар башчысы Байтик баатыр көчөсүндөгү 6а үйүнүн жанынан жаңы эс алуу бакчасынын ордун байкап, райондун кызматтарына муниципалитеттин архитектрасы менен бирдикте анча чоң эмес паркты ачуу сунушун билдирди.

Азиз Суракматов ошондой эле "Бишкекбашкыархитектура" кызматкерлерине, жер ресурстары, аны колдонуу жана куруу башкармалыгына жер тилкелерин, дүкөнчөлөрдү ижарага алуу маселесине, жол боюна дүкөндөрдү курууга уруксат берилбеши керектигине көңүл бурууну эске салды. Анткени кичине дүкөнчөлөр бара-бара капиталдык курулуштарга айланып, ал эми балдар жана шаардын жашоочулары үчүн жөө жүрө турган тротуарлар жана веложолдор жетишпей калууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД