2019-жылы бильярд боюнча дүйнөлүк биринчилик Кыргызстанда өткөрүлөт

ЕАЭБ келишимине кол коюлушунун беш жылдыгына карата өткөрүлүүчү "Эркин пирамида" бильярды боюнча дүйнөлүк биринчиликке жыйырмадан ашык өлкөнүн спортчулары чогулушат. Бул жөнүндө алдыда боло турган иш чарага арналган Москва – Бишкек – Минск - Нур-Султан - Кишинев видекөпүрөсүнүн жүрүшүндө билдирилди.

Кыргызстандан бул видеокөпүрөгө пирамиданын Эл аралык конфедерациясынын вице-президенти Ишенбек Жакыпбеков жана бильрд спорту боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев катышты.

Маалымат боюнча, дүйнөлүк биринчилик 7-августтан 14-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Анын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын өкмөтүнүн колдоо көрсөтүүсү менен пирамиданын Эл аралык конфедерациясы саналат.

Мындай мелдештер Ысык-Көлдүн жээгинде мурда да өткөрүлгөндүгү жана азыркы учурда дүйнөлүк биринчиликти өткөрүүгө даярдануу иштери жогорку деңгээлде жүрүп жаткандыгы белгиленди.

-Биздин курама команданын составы аныкталды жана биз жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз, - деди Каныбек Сагынбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД