Футбол боюнча кубоктун финалында ойноочу командалар аныкталды

Кыргызстандын 2019-жылдагы футбол боюнча Кубогунун жарым финалында ойноочу командалар аныкталды.

3-июнда Кант, Бишкек жана Ош шаарларында ¼ финалдык оюндар өткөрүлдү.

Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Алай" командасы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасын кабыл алып, күтүлбөгөн жерден 1:2 эсебинде утулуп калды.

Бишкекте "Дордой" командасы "Кара-Балтаны" 4:0 ири эсеби менен жеңип алса, ал эми Кант шаарында "Лидер" командасы "Академияны" 7:0 эсеби менен утуп алууга жетишти.

"Алга" жана "Абдыш-Ата" командаларынын ортосундагы оюнда кошумча убакыт талап кылынып, анда да жеңүүчү аныкталбагандыктан пенальти сериясында 4:3 эсеби менен алгалыктар жеңишке жетишти.

Эми жарым финалдык оюнда "Дордой" менен "Алга", ал эми "Нефтчи" менен "Лидер" ойной турган болду.

½ финал учурунда командалар экиден оюн өткөрүшөт


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД