Курсан Асанов: Милиционерлер күнүнө 8 сааттан иштешет

Эгер "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө" жөнүндөгү КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилсе, милиционерлер 5 күндүк график боюнча күнүнө 8 сааттан иштешет. Бул жөнүндө maralfm.kg басмасына берген маегинде ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Айтымында, бүгүн ИИМ кызматкерлери дем алыш күндөрү да иштешүүдө.

-Жаңы закон боюнча, ким дем алыш күндөрү иштесе, ал жумуш күндөрү эс ала турган болот. Мындан тышкары милиционерлердин айлык маянасы 40 пайызга жогорулайт, ал эми пенсиялары 2 500 – 4 000 сомго көбөйөт. Эгер бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште өтсө, баардык маселелер чечилет, - деп ишендирди Асанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД