Качып чыккан эже-сиңди кыздарга такси айдоочулары жардам беришкен

Кече күнү кечинде, 20-июнда, Бишкек шаарынын Батыш автобекетинде иштеген такси айдоочулары ата-энелеринин узатуусу жок кичинекей эже-сиңди кыздардын жүрүшкөнүн байкашып, себебин сурап билишкенден кийин Омбудсмен аппаратына жана милицияга телефон чалып билдиришкен.

Саат 21:15те Омбудсмендин орун басары, Балдар омбудсмени кызматын аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева кыздар менен жолугушуу үчүн Батыш автобекетине барган. Жолугуунун жүрүшүндө кыздардын апасы каза болуп, атасы Кара-Суу районунда жашап жатканы белгилүү болду. Ал эми кыздар эжесинин (атасынын бир тууганы) колунда жашаган. -Кыздардын улуусу ыйламсырап, кайрадан эжесине бербегиле деп суранды. Аларды сабап, балдар үйүнө берем деп коркутканын айтышты", - деп айтылат Омбудсмендин билдирүүдө.

Ошол эле күнү бир тууган кыздар балдарды реабилитациялоо борборундагы социалдык кызматкерге берилип, ал жакка убактылуу жайгаштырылган.

Омбудсмендин аппаратынан билдиришкендей, Гүлнара Жамгырчиева кыздардын атасы менен байланышууга аракет кылып көрдү, бирок, ал телефон чалууларга жооп берген эмес. Омбудсмендин Ош облусу боюнча өкүлү бүгүн эртең менен алардын атасын табуу максатында Кара-Суудагы Отуз-Адыр айылына жөнөп кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД