Омбудсмен: Бишкекте милицонерлер камактагыларды кыйноону улантууда

Омбудсмендин аппаратынын кызматкерлери, прокуратура органдары, бул ишке тартылган эксперттер жана дарыгерлер менен бирдикте, Бишкектин ИИББ жана райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Анын максаты – камалгандарга карата кыйноолордун жана орой мамилелелердин колдонулуш фактыларын аныктоо болуп эсептелет. Бул жөнүндө Омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш чаралар 2019-жылдын апрель айынан бери милициянын жетекчилерине жана кызматкерлерине алды-ала эскертилбестен өткөрүлүп келе жатат. Анын үстүнө убактылуу кармоочу изолятор гана эмес, тергөө жүргүзүлүүчү бөлмөлөр менен бирге ыкчам иш кызматкерлеринин бөлмөлөрү да текшерилүүдө.

-Өткөн айда капысынан текшерүү жүргүзүү үчүн 19 жолу, анын ичинен: 7 - Бишкек ИИББ убактылуу кармоочу жайына, 5 – Бишкек шаарынын РИИБ жана 7 – шаардын райондук бөлүмдөрүнө барып келдик. Мындай текшерүүнүн жүрүшүндө, камактагы 20 жаранга юридикалык кеңеш берилди, 8 жаранга кыйноо колдонулганы жана орой мамиле жасалганы тууралуу арызы кабыл алынды. Алардын бирөөнө Стамбул протоколунун стандарты менен дарыгер чакырылды.

Мисал келтирсек, 2019-жылы 25-майда саат 21.00. чамасында 1994-жылы туулган Г.В. аттуу жаран Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны милиция бөлүмүнө алып келишкенден кийин көрсөтмө алуу максатында денесинин ар кайсы жерине колу, буту менен уруп, тепкилешкен. Анын денесинде ургандан калган көгөргөн тактар калгандыгы боюнча соттук-медициналык экспертизанын справкасы бар.

Мындан тышкары мониторинг жүргүзгөн комиссия тарабынан, 30-майда саат 18.20. чамасында Биринчи май РИИБ кызматкерлери К.С. аттуу аялды шектүү катары кармашып, милиция бөлүмүнө алып келишкенден кийин, тергөөчү (ысмы Эржан) өз бөлмөсүндө аны шылдыңдап, көрсөтмө алуу максатында урган жана түртүп жибергени аныкталды. Анын денесинде калган көгөргөн тактар боюнча травматология бөлүмүнөн медициналык справка алынган.

Дагы бир факт, 2019-жылы 31-майда саат 20.00. чамасында 1996-ж. туулган Х.И. аттуу жаран Октябрь РИИБ кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны бөлүмгө алып келишкенден кийин, көрсөтмө алуу максатында милиционерлер колу, буту

менен ургулап тепкилешкен. Денесинде калган көгөргөн тактар боюнча травматология бөлүмүнүн справкасы бар. Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери да анын денесинде калган тактардын фотосүрөтүн тартып алышкан.

Учурда бул баардык колдонулган кыйноолор жана орой жасалган мамилелер фактылары жана арыздар боюнча алдын-ала текшерүүлөр жүргүзүлүп, ал эми прокуратура органдарына тиешелүү арыздар жиберилди, - деп Омбудсмен аппаратынан билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД