ИИМге кондитердик компаниянын кожейкеси суракка чакырылды

Бүгүн Кыргызстандын ИИМне немец-польша чек арасында героин менен кармалган жүк ташуучу машинада көрсөтүлгөн "Элит Шоко" кондитердик цехинин кожойкеси Аида Жолдошева суракка чакырылды. Бул жөнүндө 24.kg. билдирди.

ММК маалыматы боюнча, машинадагы документтерде "Элит Шоко" ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Бул компания Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндө жайгашкан. Ал эми Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүк Бельгияга жеткирилмек. Товардын аталышы – рахат-лакум жана халва, жүктүн салмагы 20 тоннадан ашык болгон.

Ошондой эле айдоочу жөнүндө маалымат да аныкталып, ал Турциянын жараны 1956-жылы туулган Озон Сулейман болуп чыкты. Маалымдалгандай, ал көп жылдан бери Бишкекте жашап, "Элит Шоко" ЖЧКсына жумушка орношконго чейин Бишкектеги башка бир кондитердик компанияда иштеп келген.

Эске салсак, 31-майдан 1-июнга караган түнү немец-польша чек арасынан Германиянын бажы кызматы тарабынан Кыргызстандан келген жүк ташуучу машинадан 670 кг героин табылган. Бул жөнүндө Deutsche Welle билдирди.

Документтерде машинадагы жүк түрк балы деп катталып, ар биринин салмагы 1,3 кг кутучага салынган жана "Халва" деген эткетка жазылган. Жүк ташуучу машинанын айдоочусу 63 жаштагы Турциянын жараны билдиргендей, чек ара аркылуу баңги заттарын алып бара жаткандыгын билген эмес. Учрда ал камакка алынып, кайтарууга алынды.

Германиянын бийлиги кармалган жүк чек ара көзөмөлүнүн тарыхындагы эң ири өлчөмдөгү баңги зат экендигин баса белгиледи Анын баасы 45-56 миң долларды түзөт жана Афганистанда жасалып чыгарылган деген божомолдор айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД