Нигериялык чабуулчу: Кыргызстандык футболдун келечеги жакшы

Олуватосин Алерива – нигериялык футболчу, бишкектик белгилүү "Алга" футбол клубунун чабуулчусу. Команда боюнча жолдоштору аны жөн гана "Тосин" деп аташат. Ал "Алга-Бишкек" командасынын негизги курамында ойноп, КР чабуулчуларынын ичинен 4-орунда келе жатат. Бул эми азыркы убактагысы.

2011-жылы ага Кыргызстанга келип, спорттук мелдештерге катышууга жол ачуу үчүн бир топ күч жумшоого туура келген. Мунун себеби анын футболду начар ойногондугунан эмес, ошол кездеги түзүлгөн жагдай-шарттарга жараша болду. Тааныштардын жоктугу, чоочун менталитет, тилди билбегендик абалды оорлотуп жатты. Алерива бир нече жолу Дубайга, Иранга кетип калган учурлар да болду, бирок, ал баары бир кайра эле кайтып келип жатты...

Ал республикабыздагы "Кара-Балта", "Талас", Кей Джи Юнайтед", Абдыш-Ата" командаларында да ойноду. Канттык команданын курамында 2015-жылдагы өлкө биринчилигинде коло медалга, ал эми 2017-жылы күмүш медалга ээ болгон.

Кыргызстанга келген бир нече жылдын ичинде, өлкөнүн баардык аймактарын кыдырып чыкты, бир гана Нарынга барып көрө элек. Футболчунун айтымында Кыргызстан абдан кооз өлкө, ага өзгөчө бийик тоолор жагат.

-Турнирлик мелдеш боюнча өлкөнү кыдырганда, мен дайыма терезени карайм. Нигерияда мен суктана турган мындай тоолор жок, чыныгы керемет мына ушулар, - деп жаратылыш кооздугунан алган таасирлери менен бөлүштү "Тосин".

Ооба, айтмакчы, ал өтө жакшы билбесе да, орус тилинде көптөн бери сүйлөйт. Аны атайын үйрөнгөн эмес, командада ойногон достору жардам беришкен.

-Адегенде такыр түшүнчү эмесмин, машыктыруучу эмнени айтып жатканын билбей кыйналчумун, - деп эсине түшүрөт ал.

Бирок, белгилүү болгондой, канчалык кыйналсаң, ошончолук чыйраласың. Муну кыргызстандык футболго карата айтса да болот.

-Мен Кыргызстанга келген убактан бери, кыргызстандык футбол өнүгө баштаганын байкадым. Жыл сайын анын дегээли жогорулап, бул спорттун түрүнүн өнүгүүсүнө жардам берүүгө даяр демөөрчүлөр да пайда боло баштады. Футболго кызыккан күйөрмандар да көбөйүп, стадион толуп калууда. Кыргызстандын.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД