Патрулдук милиция Бишкекте сентябрда иштей баштайт

Кече күнү, 17-июнда Бишкекте милициянын патрулдук кызматына кыматкерлерди тандап алуу башталды. ЖКККББ басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, жаңы кызмат иши кадырлуу болуп эсептелет: биринчиден, баардык кызматкерлер автоунаа жана керектүү компьютерлер менен камсыз болушат, экинчиден, - айлык маянасы 22 миң сомду түзөт.

-Милициянын патрулдук кызматынын бир орунуна 1291 талапкер катталган, алардын арасында ички иштер органдарынын кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар да бар. Дүйшөмбү күнү 814 талапкер экзамен тапшырды, калгандары бүгүн тестирлөөдөн өтүшөт. Экзамендин жыйынтыктары ЖКККББнын сайтында 22-июнда жарыяланат, - деп ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Тестирлөө учурунда талапкерлерден текстти түшүнүү, анализ жасоо жана тыянак чыгаруу жөндөмүн текшеришет. Буга окшогон суроолорго мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тапшырганда жооп беришет. Милиционерлер үчүн тестирлөөдө 30 суроо бар, биринчи этапты өтүү үчүн 9 суроого туура жооп берүү жетиштүү.

-Биринчи этаптан өткөндөр, физикалык нормативдерди тапшырып жана жеке аңгемелешүүдөн өтүшү керек. Андан кийин талапкерди кызматтык милдеттерди аткарууга окутуу боюнча үч айлык курстан өтүш үчүн ИИМ академиясына катташат, - деп VB.KG редакциясына ЖКККББ басма сөз кызматынын инспектору Тилек Оторов айтып берди.

Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу Патрулдук милиция кызматы түзүлдү. Биринчи жолу мындай түзүм бир жылга жакын ишин жүргүзгөнү менен жакшы жыйынтык бербегендигинен, ИИМ жетекчилигине аны жоюп жиберүүгө туура келген. Укук коргоо органдарында бул жолкусундагы тажрыйба өз жемишин берет деген ишеничте.

-Өткөн жолкуда Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору жок болчу жана Патрулдук милиция кызматкерлери жолдун четинде туруп алып ЖЭБ токтотуп турушкан. Андан тышкары ал кезде ар бир экипаж үч кызматкерден турчу: эки инспектор жана бир патрулдук кызматтын кызматкери. Иш жүзүндө алардын ар бири өзүнүн кадимки кызматын аткарчу. Азыркысында экипаж эки кишиден турат, эки кызматкер тең долдогу коопсуздукту да, жолдогу тартипти да камсыз кылышат, - деп түшүндүрдү Оторов.

Ал белгилеп өткөндөй, Бишкекте сентябрь айында патрулдук милиция иштей баштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД