Кыргызстандык жаш футзалчылар эл аралык мелдеште 1-орунду ээлешти

Кыргызстандын "Топ-Тоголок" командасынын жаш футзалчылары Атырау шшарындагы (Казакстан) эл аралык мелдеште биринчи орунду жеңип алышты.

"Топ-Тоголок" командасынын башкы машыктыруучусу Валерий Булгаков белгилегендей, футзал боюнча Атырау облусундагы Жылыой районунун кубогу үчүн эл аралык мелдеш 2006-2007-жылы туулган оюнчулар арасында өткөрүлгөн.

Биздин спортчулар чечүүчү оюнда "Актобе" командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

Бул өткөрүлгөн мелдешке баардыгы болуп 6 команда катышты. "Топ-Тоголок" командасы (2006-жылы туулган балдар) Кыргызстандан барган жалгыз өкүлү болду.

Оюндар 3 командадан эки топко бөлүнүп өткөрүлдү. Биздин балдар беш оюн өткөрүшүп, баардыгын 12:1, 5:0, 5:0, 2:0 жана 2:1 эсеби менен жеңип алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД