Мас абалында автоунаасын айдап, тапанча алып жүргөн жаран изделүүдө

Социалдык тармактарда мас абалындагы автоунаасын айдаган адам, өзүн Абдрахманов деп тааныштырып, акча төлөп балык уулоочу жайга келген видео жарыяланды.

"Сиз биздин жаңы участковыйсызбы?" деген суроого, өзү көрсөткөн аскер адамынын күбөлүгүндө Жеңишбек уулу Тынчтыкбек деп жазылып турганына карабастан "Ооба" деп жооп берип жатат. Видеонун автору менен сүйлөшүү учурунда ал тапанчасын алып чыгып мактанганы да видеого тартылып калган.

Кадрда "Укук коргоо органдары бизди ушинтип коргойбу?" деп сураган аялдын үнү угулду. "Бизге баары бир", - деп билдирди роликтин каарманы.

Аскер бөлүгүндө бул факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп, КР Улуттук гвардиясында ротанын старшинасы кызматындагы Жеңишбек уулу Тынчтыкбектин ысымына аскердик күбөлүк жазылып берилбегендиги аныкталды.

-Жергиликтүү жарандарга көрсөтүлгөн Улуттук гвардиянын аскер кызматкеринин күбөлүгү жасалма болуп эсептелет, - деп Улуттук гвардиядан билдришти.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын ИИББ кадрда көрсөтүлгөн адам алардын кызматкери эмес жана азыр анын өздүгү такталууда деп жооп берди.

-Учурда Бишкек ШИИББ криминалдык кызматы ыкчам иликтөө жана аны кармаоо иштерин жүргүзүп жатат, - деп Бишкек ШИИББ билдирди.

Белгилей кетсек, видеодо көрсөтүлгөн жаран, балык алууга келгенин айтканы менен, мас абалында автоунааны башкарып жүргөн. Андан кийин бул адам тапанчасын алып чыгып мактанган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД