Токаев инаугурациядан кийин Бишкектеги ШКУ саммитине келет

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 12 июнда өткөрүлөт. Бул жөнүндө Нур-Султан шаарындагы пресс-конференцияда республиканын жаңы жетекчиси билдирди.

Касым-Жомарт Токаев мындай салтанаттуу иш чаранын бир аз шашылыш өткөрүлүшүн жакында Бишкекте ШКУ саммити өткөрүлө тургандыгы менен түшүндүрдү.

-Эгер БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу маселесин чечип жана расмий отчетту жарыялаганга жетишсе, биз президенттин инауграциясын 12 июнда өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Анткени 14-июнда мен Бишкекке, андан кийин Душанбеге учушум керек. Бул ири эл аралык иш чаралар болуп эсептелгендиктен, Казахстандын президенти бул иш чараларда толук ыйгарымдуу укуктарга ээ болуу менен катышканы оң - деди Токаев.

Эске салсак, 9-июнда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоолор өткөрүлдү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча 70,76% добушка ээ болгон "Нур Отан" партиясынын талапкери Касым-Хомарт Токаев жеңишке жетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД