Новопавловкадагы лицейде иш кадимкидей эле жүрүп жатат

Новопавловкадагы Ч. Айтматов атындагы № 1 лицейде иш кадимкидей эле жүрүп жатат.

"Бүгүн мектепте 5-8 жана 10-класстарга көчүрүү экзамендери өтүп жатат. 9-11-класстардын окуучулары мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамендерге даярданып жатышат. Мектепте мугалимдер эртең мененки убактан баштап экзамендерге даярдануу боюнча консультацияларды өткөрүшүүдө. 1-июндан баштап башталгыч класстардын мугалимдеринин 80% эмгек өргүүсүнө чыгышат, ошондуктан алар бүгүн жана эртеңки күнү 2018-19-жылдардын отчетун беришет. Ошондой эле мугалимдер коллективи мектептин бир жылдагы аткарган иши боюнча отчет даярдашууда, - деп Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы лицейдин директору Самаркүл Умралиеванын айткан сөзүн билдирди.

Умралиеванын сөздөрүнө караганда, жакынкы күндөрү 1-августтан баштап балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча график иштелип чыккан. 2019-20-окуу жылына карата иш план даярдалып жатат.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, лицейдеги окуя боюнча көрүлгөн чаралар иш процессин туруктуулукка алып келүүгө шарт түздү.

"Азыркы убакта окуучулар ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруу үчүн экзамендерди тапшырышууда. Мурдагы директордун жана анын тарапташтарынын окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга жасаган аракетинен, биринчи кезекте балдар зыян тартмак, - деп белгилешти министерство өкүлдөрү.

Новопавловканын Ч. Айтматов атындагы № 1 лицейинде 4500гө жакын балдар окушат.

Эске салсак, лицейдеги окуучулардын ата-энелери мурдагы директорду чогултулган акча каражаттарын туура колдонбогондугу үчүн нааразылык билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД