Өмүрбек Суваналиев жогорку кызматтардын бирине дайындалабы?

Эл арасында "комиссар Катани" атка конгон Өмүрбек Субаналиев жакында күч структуралардын биринде жаңы кызматка дайындалаары тууралуу сөз болууда.

Бул жөнүндө VB.KG редакциясына президенттин аппаратындагы ишенимдүү булактан билдиришти.

-Аны ИИМ жетекчилигине, же орун басарлыгына дайындашат. Ошондой эле анын талапкерлиги УКМК жетекчилиги кызматына да каралууда. Бул маселе эки-үч жуманын ичинде чечилет, - деп түшүндүрүштү ишенимдүү булактан.

Эске салсак, 2019-жылы 4-февралда Өмүрбек Субаналиев президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД