Чек ара жаңжалынын чыгыш себептерин тергөө иштери аныктайт

Кыргыз-тажик чек араснындагы жаңжалдан кийин КР Жазык кодексинин үч беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына КР Башкы прокуратурасынан билдиришти.

-Азыркы учурда ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Анын курамына УКМК жана ИИМ кызматкерлери кирет, - деп Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Көзөмөл жүргүзүү органынын маалыматы боюнча, сотко чейинки тергөө иши КР Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандыктар), 39-беренеси (Кылмышка аракеттенүү), 139-беренеси (Киши өлтүрүү) жана 201-беренеси (Тоноо) боюнча башталды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-14-мартында Баткен облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан райондордун жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби катары кыргыз бийликтери тарабынан жүрүгүзүлгөн Ак-Сай – Тамдык айлануу жолунун курулушунун башталышы эсептелген. Жаңжалдын жыйынтыгында кыргызстандык 3 адам ок тийгенден жаракат алып, бир канча автоунаалар, үйлөр жана чарбалык курулуштар талкаланган. Тажик бийликтеринин маалыматы боюнча, алар тараптан эки адам каза болгон.

Эки республиканын вице-премьерлери сүйлөшүүлөрдү жүрүгүзүп, анын жыйынтыгында Кыргызстан жолдун курулушунун уланта берүүгө жетишти. Азыр өкмөт чек арадагы абал боюнча Жогорку Кеңештин эл аралык, коргоо жана коопсуздук комитетинин депутаттарына маалымат берип жатат. Жыйын жабык эшик артында өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД