Милиция баламды кыйнап өлтүрдү деген тургун мал уурулукка шектелип кармалды

Милиция кызматкерлери мал уурулукту мойнуна алдыруу үчүн кыйнагандан кийин, 18 жаштагы баласы асынып каза болгонун айткан Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну мал уурдоого шектүү делип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу РИИБне 3-мартта Бөрү-Баш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 28-февралдан 1-мартка караган түнү белгисиз жарандар тарабынан Кара-Жал айыл округунан 9 баш жылкы уурдалганын билдирген. Аталган факт каттоого алынып, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Мал уурдоо) менен сотко чейинки тергөө иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ак-Суу РИИБдин оперативдүү кызматкерлери тарабынан уурдалган малдын кайсыл жакта жүргөндүгү такталган.

Милиция кызматкерлери мал уурулукту мойнуна алдыруу үчүн кыйнагандан кийин 18 жаштагы баласы асынып каза болгонун айткан Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну мал уурдоого шектүү делип кармалды.

Белгилүү болгондой, 2-марттан 3-мартка караган түнү Түп районунун Михайловка айылынын 59 жаштагы тургуну О. Аскар 8 баш уурдалган жылкыны Токмок шаарындагы мал базарда жергиликтүү тургундарга жалпы 305 000 сомго сатып жиберген. Берилген тапшырмалардын негизинде сатылган жылкылар далил катары табылган. Кийинчерээк Түп районунун Михайловка айылынын тургуну О. Аскардын үйүнөн уурдалган дагы бир жылкы жана мал сатуудан түшкөн акча каражаты табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган малды О. Аскардын үйүнө Түп районунун Санташ айылынын 39 жаштагы тургуну, буга чейин мал уурулук үчүн соттолгон А.Талант жана бейтааныш адам жеткиришкени аныкталган.

Шектүү А.Талантты суракка алуу учурунда ал Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 53 жаштагы тургуну А.Нурлан (буга чейин бир нече жолу мал уурулук, зордуктоо жана бейбаштык үчүн соттолгон) менен бирге 9 баш жылкы уурдаганын билдирген.

Андан аркы териштирүү иштеринин жүрүшүндө Түп районунун Санташ айылынын тургуну А.Таланттын дагы 2018-жылдын 10-сентябрында 3 баш жылкы уурдоого катыштыгы бар экени аныкталган.

Ак-Суу райондук соту Түп районунун Санташ айылынын тургуну А.Таланттын баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алуу чечими чыккан. Ал эми Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну А.Нурланды үй камагына алуу чечими чыгарылган. Учурда Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин 2018-жылдын ноябрь айында Бөрү-Баш айылынын тургуну А. Нурлан ММК аркылуу анын уулу Эрмекти милиция кызматкерлери мал уурдоого шектүү деп кармап, ага карата милициянын 3 кызматкери тарабынан кыйноо көрсөтүлгөнүн билдирген болчу. Андан кийин Бөрү-Баш айылында бакта анын баласынын асылган денеси табылганы маалымдалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, сөз 18 жаштагы жигиттин өзү асынып каза болгондугу жөнүндө жүрүп жатат. Анда Бөрү-Баш айылынын тургуну, милиция кызматкерлери уулумду өз жанын кыйууга жеткиришкен деп айткан.

Белгилей кетсек, А. Нурландын арызы боюнча Ысык-Көл облусунун УКМКсы тарабынан милиция кызматкерлерине карата тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД