Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталган 9 курал алынды

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн "Арсенал" операциясы учурунда мыйзамсыз сакталган 9 ок атуучу курал алынды. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубалиев билдирди.

Бул операция Ысык-Көл облустук ИИБнын демилгеси менен мыйзасыз курал- жарактарды жана жардыргыч заттарды сатууну алдын-алуу, бетин ачуу максатында 3 күн ичинде жүргүзлгөн.

Операция учурунда 1793 мергенчилердин ок атуучу куралы, 27 уруксат берүүчү объектилер системасы текшерилип жана куралга ээ болууга укук берилбегендерге чаралар көрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жарандар өз ыктыяры менен мыйзамсыз сакталган 9 ок атуучу куралды өткөрүп беришти жана куралды туура эмес сактап, каттоодон өтпөгөндөргө 26 проткол түзүлдү.

Мындан тышкары, "Арсенал" операциясы өткөрүлгөн үч күн ичинде, мурда жасалган 19 кылмыштын, баңги затына байланышкан 1 кылмыштын бети ачылып, мурда издөө салынган 2 кылмышкер кармалды.

Ысык-Көл облусунун ИИБ эске салгандай, мыйзамга ылайык, курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар жоопкерчиликтен бошотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД