ЖОЖдун кызматкери студенттен бир нече жылдан бери пара алып келген

Кыргыз Республикасынын ИИМ кылмыштуулук боюнча кызматына Чүй облусунун тургуну 34 жаштагы Ж. А. борбордогу университеттердин бириндеги кызматкердин пара алгандыгы жана алдамчылыгы боюнча чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда, жогорку окуу жайынын кызматкери 2018-2019-окуу жылындагы сессияны тапшыруу үчүн 33 000 сом өлчөмүндө акча сурап жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүдөгү фактылардын негизинде ИИМдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 238-беренесинин (мамлекеттик мекеменин кызматкеринин ири өлчөмдө акча түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрдү баштаган.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн негизинде ким тарабынан жана кайсы убактан бери кандай мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлүп келгени аныкталган. 2014-жылдын июль айында А.Ж. борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде келишимдик негизде билим алууну чечкен. Документтерди тапшыруу учурунда ал жогорку окуу жайынын кызматкери менен таанышып, ал университетке өтүүгө жардам көрсөтө турганын айтып, өзүнүн кызматы үчүн 200 доллар акча сураган. Ошол эле жылдын сентябрь айында окуу жайда Жайнабү тандаган факультетте бош орун жок болгондуктан, башка университеттин ошол эле факультетине өткөргөндүгүн билдирген.

2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта окуу жайдын окутуучусу "студенттен" экзамендик сессияларды тапшыргандыгы үчүн акча каражатын жана окуунун контрактык төлөмдөрүн дагы алып тургандыгы аныкталган. Ушул аралыкта ал жалпы суммасы 230 миң сом түзгөн акча каражатын алган.

2019-жылдын февраль айында гана студент 2014-жылы университеттин алдындагы колледждин биринчи курсуна өткөндүгүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылганын билген. Андан кийин гана - 2019-жылдын март айында кайрадан экзамендик сессияны тапшырууга акча каражатын талап кылып жаткан кызматкерге карата тиешелүү чара көрүү суранычы менен ИИМге кайрылууну чечкен", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

2019-жылдын 6-мартында окуу жайдын кызматкери О.А. жумуш ордунда 33 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД