Эр-Риядда 1000ге жакын кыргызстандыктар "Кара жоргону" бийлешет

Сауд Аравияда өтүп жаткан "Көчмөндөр ааламы" этномаданият фестивалынын алкагында курамында 1000 адамдан турган Кыргызстандын командасы массалык түрдө "Кара жоргону" бийлегенге даярданышууда. Машыгуу учурундагы видеону сүрөтчү Азамат Жаналиев соцтармактагы өз баракчасына жарыялаган.

Видеороликте кыргызстандыктар топ-топко бөлүнүп алышып, бийдин кыймылын кайталап машыгып жатышканы көрүнүп турат. Кадр артындагы үн кубануу менен бул көрүнүшкө түшүндүрмө берүүдө.

-Бул машыгууга баардыгы: спортчулар да, сүрөтчүлөр да, жада калса ашпозчулар да катышууда. Мында жаш курагы жана улуту боюнча эч кандай чектөөлөр жок. Бул жерде жаштар да карылар да баардыгы биригип, ынтымактуулукту көрсөтүшүүдө. Силер кыргыздардын жаман жагын көрсөтүп жатпайсыңарбы, бирок, биз бул курамыбыз менен Сауд Аравиясынын урматтоосуна гана ээ болобуз. Силер бизди бул жерге ойнош үчүн гана келди деп ойлоп турасыңарбы? Жок! Биз өз маданиятыбызды, ынтымагыбызды, мекенибизге жана жаратылышыбызга болгон сүйүүбүздү даңазалоо үчүн келгенбиз. Кыргызстандын элине даңк! – деп ураан чакыруу менен сөзүн аяктады ал.

Эске салсак, кече жакында кыргызстандык телеканалдардын биринин журналисти соцтармакта мейманкананын ресторанында кыргызстандыктар өздөрүн маданиятсыз алып жүрүшкөнүн кабарлаган эле.

Кийин ал журналист кыргызстандыктар менен чет жерде өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги жөнүндө маектешүү өткөрүлүп, мына ошондон кийин алардын жүрүм-туруму жакшы жакка өзгөрүлгөнүн кабарлаган.

Кыргызстанда сүрөтчү Азамат Жаналиев өзү жасаган эки иши менен белгилүү болгон. Биринчиси – 2018-жылы апрель айында каттуу шамал болуп, аянттагы мамлекеттик желекти учуруп кеткенин уккан Азамат, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында нөшөрлөгөн жаан алдында таң атканча мамлекеттик желекти колуна кармап турган.

Экинчиси – ошол эле жылы июнь айында ал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Атамбаевдин портретин тарткандыгы үчүн убада кылган акчаны төлөп бербегендиги боюнча чара көрүүнү өтүнүп УКМКага арыз менен кайрылган. Бирок, кийин ал өз арызын кайра кайтарып алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД