Жаракат алган кыргызстандык жаачыга операция жасалат

"Көчмөндөр ааламы" этнофестивалында жаракат алган кыргызстандык жаачы Асланайым Ашировага бүгүн Сауд Аравиясындагы King Saudi Medical City госпиталында операция жасалат.

Спортчу айым 8-март күнү аттан жыгылып бутун кокустатып алган.

Этно оюндардын конфедерациясынан билдиришкендей, Асланайым Аширова даярдык маалында атка минип кырсыктаган.

-Мен машыгуу учурунда ат менен баратканымда, алдымдан атка минген башка кыз чыгып калды. Акыркы секундага чейин аттын башын бурууга аракет кылдым, анткени, ал кыз жаракат алып калышы мүмкүн эле. Ушул учурда мен оң бутумду кокустатып алдым", - деп түшүндүрдү Асланайым.

Анын айткандарына караганда, ага ошол замат медициналык жардам көрсөтүлгөн. Эртеси күнү аны мыкты деп эсептелген King Saudi Medical City госпиталына которушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД