РК азырынча КРдан жашылча жержемиштерин ташып киргизүүгө чектөөнү алган жок

Кыргызстандын жана Казакстандын вице-премьерлер деңгээлинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Казакстан алма, картошка жана курманы Кыргызстандан ташып киргизүүгө чектөөнү алып салган жок. Бирок, тараптар бул азыктарды киргизүү улантыла тургандыгы боюнча макулдукка келишти.

Маалыматка ылайык, кече күнү, 28-февралда Астанада КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолукту. Анда эки тараптуу ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

-Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19-февралда киргизилген Казакстанга алма, картошка жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алуу боюнча протоколго кол коюлду. Мындан тышкары Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланды, - деп жазылат өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүндө.

Өкмөттүн аппаратынан VB.KG редакциясына билдиришкендей, азырынча коңшу республикага жашылча, жер-жемиштерди ташууга чектөө киргизүү күчүндө кала берет. Бул боюнча тиешелүү иш-чаралар жакынкы күндөрдө аяктайт жана 15- марттан баштап чектөө алып салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД