Бишкектин жолдорундагы көрсөтмө белгилер жана чектер оңдолот

Бишкек шаардык мэрия алдында борбордун көчөлөрүндөгү жол белгилеринин туура орнотулушун жана чек белгиленишин аныктай турган комиссия түзүлдү. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЖККББ пресс-борборунан билдиришти.

-Айдоочулардан шаардын жолдорундагы ыңгайсыздыктар жана аларды тезинен оңдоо жөнүндө көптөгөн суроо-талаптар, арыздануулар жана сунуштар келип түшүүдө. Ошондуктан мэрияда кеңешме өткөрүлүп, негизги маселелер каралды. Эми ЖККББ кызматкерлери да курамына кирген комиссия түзүлүп, шаардын жолдорундагы абалга анализ жасалып, анан жыйынтыгы боюнча сунуштар берилет, деп түшүндүрүштү ЖККББ кызматкерлери.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилген. Ошол убактан бери айдоочулар тарабынан көчө шамдарынын иштөөсү, жолдогу орнотулган белгилер жана чектер боюнча көптөгөн арыздануулар келип түшө баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД