Окуучуну жакалаган мугалимди мектепте иштей берүүсүн суранышты

VB.KG редакциясы улгайган мугалимдин өспүрүм окуучуну жакалаганын жазып чыккандан кийин, КР Билим жана илим министрлигине караштуу Сузак районунун билим берүү бөлүмүндө, чынында эле ушундай окуя 21-январь күнү Жапарбаев атындагы орто мектебинде мугалим математика сабагын өтүп жаткан учурда болуп өткөндүгүн айтышты.

Бирок, РББ бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтканына караганда, жетинчи класстын окуучусунун ата-энеси мугалимге эч кандай доосу жоктугун билдирип, милицияга арыз жазгандан баш тартышкан. Окуучунун денесине эч кандай залакат келтирилген эмес жана ал азыр окуусун улантууда.

-Биз жашы жете элек балдар менен иш алып баруучу участкалык инспектор жана мугалимдер менен жалпы чогулуш өткөрүп, болгон окуяны талкууладык. Ишинде кемчилик кетиргендиги үчүн математика мугалимине жана коллектив менен жетишсиз иш алып баргандыгы үчүн окуу боюнча директордун орун басарына жазуу жүзүндө эскертүү берилди, - деди Сузак РББ бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.

Райондук билим берүү бөлүмүндө, Соцтармакта видео көрсөтүлгөндөн кийин 78 жаштагы математика мугалими мектептен кетүүнү каалагандыгын, бирок, мектеп директору айылдык мектепте математика сабагынан мугалимдер жетишпегендигинен анын мектепте калып иштей берүүсүн сурангандыгын белгилешти.

Мугалим өзү билдиргендей, ал окуучуну түрткүлөп класстан чыгарганы ырас, бирок, урган эмес. Анын ачуусу келгенинин себеби – адегенде окуучу сабак учурунда уктап калган, ойгонгондон кийин классташтарынын көзүнчө шылдыңдаганга өткөн, анан аны класстан чыгарып жиберсе чуу чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД