Жаңы коалицияны ким түзөт жана өкмөттү ким башкарат?

Өткөн жумада парламенттик КСДП фракциясы өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалады. Депутаттардын пикири боюнча, аткаминерлердин жоопкерчилигин да карап чыгуу керек.

Абылгазиевдин өкмөтүнүн отставкага кете тургандыгы жөнүндөгү сөздөр көптөн бери эле айтылып келүүдө. Бирок, бул жөнүндө сөздүн праламенттик сессияда жүрүшү, өкмөттү отставкага кетирүү процессине негиз берип койду окшойт.

Кыргызстанды саясий жактан кандай өзгөрүүлөр күтүп тургандыгы жөнүндө VB.KG редакциясына саясат таануучу Марс Сариев маек куруп берди. Ал дароо эле алдыда жаз мезгили келе жаткандыгын жана түзүлгөн абалды күчөтпөс үчүн өкмөт садага чабыла тургандыгын белгиледи.

-Натыйжада баардык саясий топтор жаңы министрлер кабинетин жана коалицияны түзүү менен алектенишет. Анын үстүнө, акыркысы дагы иштебей жатпайбы. Ал эми мунун өзү парламенттик кризиске алып келүүгө түрткү берүүсү мүмкүн. Жалпысынан алганда алардын баардыгы жаңы кызматтык дайындоолор жана орун алмаштыруулар менен алагды болушат. Демек, кооптуу жаз мезгилин аттап кетүү мүмкүндүгү пайда болот.

-Марс Осмонкулович, өкмөттү отставкага кетирүүдө, сөзсүз жаңы премьер-министрди дайындоо маселеси келип чыгат эмеспи. Сиздин оюңузча бул кызматка ким татыктуу болушу мүмкүн?

-Азыр депутат Мирлан Бакиров абдан кызыктуу технологиялык жүрүштөрдү жасоого аракет кылууда. Мурда ал коомдук талкууга министрлер кабинетинин баардык "экс" башчыларына укуктарды берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылган. Бул коомдо абдан көп нааразычылыктарды жаратты. Мындай идея менен ал экс-премьерлер: Темир Сариевге, Өмүрбек Бабановго, жада калса бул кызмат ордуна негизги талапкерлердин бири болуп эсептелип жаткан, Коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси Адахан Мадумаровго карата да терс мамилени түзүү максатын көздөп жатат. Мунун логикасы жөнөкөй эле – премьерлик кызмат орун үчүн күрөш жүрүп жатпайбы. Азыркы абалга таянсак, "экс" белгиси Бакыт Төрөбаевде жок. Мына ошондуктан ал коомчулуктагы мындай көз караштан арылат да, премьерлик орунга "ат салышат". Анын талапкерлигинин дагы бир ыңгайлуу жагы, ишкерчилик менен алектенгендеги тажрыйбасы бар болгондугунда. Бул эми бир эле мисал эмес. Менин оюмча, мындай аракеттер башка партияларда да жүрүшү мүмкүн.

-Сиз коалициянын жакшы иштебей жаткандыгы темасын ачтыңыз. Өкмөт отставкага кеткенден кийин, кандай болсо да да жаңы парламенттик көпчүлүк түзүлөт. Анын курамына ким кирүүсү мүмкүн, партиянын ичинде ынтымагы ыдыраганын эске алсак, КСДПнын мүмкүнүчүлүгү кандай?

Азырынча бул суроого жооп берүү кыйын. Азыр фракциялардын баары өң карама, ошондуктан, курамга кирүүнү баардыгы каалайт жана баарынын мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми КСДП боюнча айтсак, чынында эле анын биримдиги бузулууда, бирок, мен оппозицияда калууну каалагандарды көрбөй турам.

Азыр Жогорку Кеңештеги болуп жаткан процесстерге Россиянын да таасири тийип жаткандай. Байлардан түзүлгөн азыркы парламент жакында келе турган россиялык бизнеске карата позициясын эч качан бербейт. Ал эми анын Владимир Путиндин иш сапары менен бирге же андан кийин келэээри бышык. Мына ошентип стратегиялык өнөктөш колдоп жана каражат салуу жагынан биринчи орунда турган Кытайды сүрүп чыгарат. Анын үстүнө бул азыркы бийликке түзүлгөн абалдан чыгып кетүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Азыркы министрлер кабинетинин ишине кандай баа бере аласыз? Сиздин көз карашыңызда ал кандай иштеди?

Чынын айтсам, анын ишинде системалык аракет байкалган жок. Бирок, дагы бир жолу кайталап кетейин, Абылгазиев жана анын министрлер кабинети коомдогу кызыган абалды жумшартуу үчүн эле дайындалган болчу. Менин оюмча, Абылгазиевдин өзү деле өкмөттүн үмүтү жоктугун түшүнүп турса керек. Албетте, башкача оюндар да жүрүп кетиши мүмкүн. Бирок, менин оюмча, мындай жүрүш Путиндин келээр алдында же анын иш сапарынан кийин болуп өтөт. Бирок, министрлер кабинетин алмаштырбай койуу да мүмкүн эмес деген ойдомун. Ачыгын айтканда, ал өз ишин жакшы алып бара албай жатат, ал эми россиялык ири бизнес-пакет министрлер кабинетинин башчылыгына энергиялуу менеджерди көрүүнү каалабай койбойт.

-Фракциянын биринин өкмөттүн ишин "канааттандыраалык эмес" деп баалаганы, бул анын отставкасына алып келбейби?

-Парламент бул маселени көтөрүп жана "канааттандыраарлык эмес" деп баалаганы, демек, кол шилтеп белги берилгендигин билдирет. Бул эми биринчи гана октун атылышы. Мындай демилгенин Жогорку Кеңештеги негизги КСДП фракциясы тарабынан көтөрүлүп чыгып жатканынан эле түшүнүктүү болуп турбайбы", - деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД