2019-жылы Кыргызстанды саясий аренада эмне күтүп турат?

Келерки 2019-жыл саясий планда жетишээрлик активдүү жана курч жылдардан болот. Жазында экс-президент жана Кыргыз Республикасынын азыркы жетекчисинин ортосундагы тирешүүлөргө байланышкан абалдын курчуусу күтүлүшү мүмкүн. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына сасатчы Марс Сариев билдирди.

Анын сөздөрү боюнча абалды экономикалык көйгөйлөр да курчутат.

-Кыргыз Республикасына жалпы дүйнөлүк каатчылыктын кесепети да тийүүдө. Ошондуктан жазында ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Анын үстүнө жаңы штрафтардын киргизилиши коомубузда ар кандай реакцияны жаратууда. Менин көз карашымда, бул өкмөт тарабынан ойлонулбаган жүрүш болуп калды – эл өз оокатын эптеп өткөрүп жатканында, ал аз келгенсип айлык акыга чак келбеген штрафтар киргизилип отурат. Мындай абал өлкөдөгү жагдайды курчутуп, такыр күтүлбөгөн натыйжага алып келиши мүмкүн. Албетте, ЖЖЭ бузууда штраф төлөтүү жана тартипке салуу да керек. Бирок, паракорчулуктун схемалары күчөп турганында мындай жүрүш калктын кыжырын гана келтирмекчи, - деп баса белгиледи Сариев.

Саясатчынын пикири боюнча, быйылкы жылы элита ичиндеги күрөш дагы күчөйт.

-Паракорчулукка карата козголгон иштер боюнча соттук процесстер, эртеби кечпи жооп иретиндеги реакцияны жаратпай койбойт. Ошондуктан мына ушул планда да тынч жылды күтүүгө болбойт. Бирок бул кезектеги революцияга алып келбейт деген ишеничтемин. Ошондой болгону менен, бул биринчи кезекте тышкы "оюнчуларга" да байланыштуу. Эгер тыш жактан из келбесе, жыл тынч өтөт. Ошентсе да азыркы учурда "глобалдуу" кимдир-бирөөлөрдүн Кыргызстанда туруксуздукту жаратууга жана бийликтин режимин өзгөртүүгө кызыккандыгын көргөн жокмун. Анын үстүнө мындай көрүнүш Борбордук Азияда да туруксуздукту алып келүү коркунучун туудурмакчы, - деп эсептейт Сариев.

Ал эми тышкы саясатты ала турган болсок, биздин бийликтин ишмердүүлүгүнөн кандайдыр-бир алга умтулуу жана инновациялык аракети байкалган жок.

-Россия менен мындан да тыгыз байланышууну күтүүгө болбойт – санкциялардын айынан Москванын өз көйгөйлөрү жетиштүү экендиги белгилүү. АКШ менен байланышты жакшыртуу жагдайы бар, бирок, бул батыш тарапка багыт алууну күчөтө албайт. Анткени Кыргызстан үчүн бул өзүн-өзү жоготуу менен барабар – биз экономикалык жактан РФ менен тыгыз байланыштабыз, ал эми биздин мигранттар бюджеттин чоң бөлүгүн толтурууда, - деп баса белгиледи Сариев.

Маектешүүнүн аягында, саясатчы абалды интеллектуалдарды жана улуттун каймагын ортого тартуу аркылуу гана сактап калууга болот деп толуктай кетти.

-Алар биздин өлкөдө бар, чынында, саясый номенклатуранын артында калышууда. Бирок, бизде аларга окшогон авторитеттер пайда болбосо, эч кандай алга умтулуу жүрбөстөн, акырындап чирип бузулуу күтүп турат, - деген жыйынтык чыгарды саясатчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД