Бурулай жана аны өлтүргөн жигит жакын мамиледе болушканбы?

Киши өлтүрүүдө айыпталуучу деп табылган Б. Марсбектин улуу агасы "Турмуш" агентствосуна айтып бергениндей, алар каза болгон кыздын туугандарына бир нече жолу барышкан, бирок, аларды кубалап жиберишкен. Анын 60 жаштагы энесине кол көтөрүүгө да аракет кылышкан.

Дагы анын басмага айтканы боюнча, айыпталуучунун үй бүлөсү тергөө иштери калыс түрдө жүрбөй жатат деп эсептөөдө. "Бизге анын кылмыш жасагандыгы жөнүндө эч кандай так далилдерди көрсөтпөй жатышат". Тууганынын айтканына караганда, Марсбектин жанында 34 миң сом болгон, ал эми окуядан кийин акча жоголуп кеткен.

Мындан тышкары Марсбектин туугандары анын ушундай жараттарды өзүнө бычак менен ургандыгына да ишенбей жатышат.

Улуу агасы да Бурулай менен Марсбектин түгөй сыяктуу чогуу түшкөн сүрөттөрүн далил катары көрсөттү. Айыпталуучунун агасы айткандарына далил катары, Марсбектин атасы алган насыянын эсебин жабууга Бурулай акча каражаттарын которгон деп квитанцияны көрсөткөн. Себеби Марсбектин убактысы жок болуп, Бурулайдын банкка барып келүүсүн суранган имиш.

"Эгер алар тааныш болушпаганда, кайсы кыз жигиттен акча алып банкка бармак эле?" – деп билдирди басмага бул адам.

Эсиңерге салсак, жакында эле белгисиз бирөөлөр тарабынан тармакка Бурулайдын жансыз денесинин фотосүрөтү салынып, адистердин билдирүүсү жалган жана денеде тамгаларга окшогон кесүүлөрдү өлтүргөн адам калтырган өңдөнөт деген пикирди жазышкан. Кийин Саламаттыкты сактоо Миистрлигинин билдирүүсүндө: Текшерүүнүн жыйынтыгы тажрыйбалуу адистер тарабынан берилген, ал эми бул маселедеги акыркы точканы коюу үчүн туугандарына кыздын денесин эксгумацияга берүү сунушталган. Бирок алар бул сунуштан баш тартышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД