Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафонго ИИМдин Күзөт кызматынан да катышты

2021-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долонту айылындагы ипподромдо "Run the Silk road - Shanghai Cooperation Organization" эл аралык марафонго 35 мамлекеттин спортчулары катышкан. Бул марафонго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышып келишти. Алсак, милициянын прапощиги Нагызбек Карбозов 35-40 курактагылар арасындагы категорияда жана милициянын подполковниги Максат Тажиев 40-45 курактагылар арасындагы категория боюнча атаандаштарынын арасынан 3-орунду ээлешип коло медалдар менен сыйланышты. Ал эми милициянын подполковниги Таалайбек Алымкулов 45-50 курактагылар арасындагы категориялык атаандаштарынын арасынан он үчүнчү болуп келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД