Казакстандын президенти эмне үчүн туулган күнүн белгилебейт?

17-май Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнү. Анын пресс-катчысы Берик Уали бул күн президент үчүн кандай өтөөрүн айтып берди. Бул тууралуу анын берген маалыматына шилтеме кылып "Барометр" билдирет.

"Бир катар ЖМКнын өкүлдөрү Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнүн кандай белгилей тургандыгы жөнүндө айтып берүүнү суранып жатышат. Былтыр биз бул боюнча түшүндүрмө бергенбиз. Дагы бир жолу эсиңизге салып кетейин, ушул жылдын 17-майы иш күнүнө туура келет. Ошондуктан, президент Касым -Жомарт Кемелевич өзүнүн иш графиги боюнча иштейт.

Бул датага байланыштуу эч кандай иш-чаралар болбойт. Жада калса администрациянын кызматкерлеринен аларды куттуктоодон алыс болуу суралды. Мамлекет башчысы үчүн бул кадимки жумушчу күн, анткени, анын үй-бүлөсүндө балдардын да, ата-энелердин да туулган күнүн белгилөө салтка айланган эмес", - деп түшүндүрдү басма сөз катчысы.

Берик Уали буга чейин коңшу мамлекеттердин башчыларынан жана эл аралык уюмдардан көптөгөн телефон чалуулар, куттуктоо телеграммалары келип жаткандыгын айтты. Ошондой эле, куттуктоолор келе берет деп кошумчалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД