Чек арада бошотулган үч жаран түрдүү жараат менен ооруканага түштү

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн, 17-майда Тажикстан тараптан кармалып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бошоп келери менен ооруканага жеткирилди.

Алар башынан, көкүрөк жана бетинен жараат алышкан. Баткен аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Айжигитов "Азаттыкка" Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жарааттар менен ооруканага түшкөнүн маалымдады.

"Үчөөнүн баш мээси чайкалган, бети, көкүрөк булчуңдарынан жарадар болушкан. Азыр абалдары туруктуу. Тийиштүү медициналык жардамды алып жатышат".

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн 17-майда эртең менен бул айылдан үч тажик жаранын кармашкан. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согд облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулганы маалымдалды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД