Чек арадагы чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт

Бүгүн, 17-майда эксперттик коомчулук "Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири" аттуу тегерек стол өткөрдү.

Анда коомдук ишмер, акыйкатчы Токон Мамытов чек арадагы куралдуу аракеттерден кийин тараптар бири-бирин агрессияга айыптап келе жатышканын белгилеп, спутник аркылуу Кыргыз-Тажик чек арасындагы агрессияны ким баштаганын аныктоого боло турганын айтты.

"Куралдуу агрессияны ким баштаганын аныктоо үчүн биздин кесиптештерибиз – Каспий державалары ээлик кылган спутниктерден сүрөт жана аба видео тасмаларды сурашыбыз керек. Спутник аркылуу агрессияны ким баштаганын жана кандай техникалар колдонгонун так аныктоого болот. Спутниктен алына турган маалыматтар көп маселелерге так жооп бере алат жана Кыргыз өлкөсү дал ошол маалыматтар менен даттана алат", - деди Токонов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД